ЖМК: мурдуна тиш чыккан кытайлык аялдын сүрөтү

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүТиш дарыгери. Архив
Тиш дарыгери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиш доктур мурундун ичине чындап эле тиш өсүшү мүмкүн экенин, ал тургай мурундун учуна дагы чыгарын басылмага билдирген.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Кытайлык дарыгерлер мурдуна тиш чыккан аялга операция жасашты. Бул тууралуу РИА Новости Daily Mail агенттигине таянып кабарлады.

Басылманын билдирүүсүнө ылайык, бейтап бир нече жылдан бери мурду бүтүп, кан токтобой жатканын айтып дарыгерлерге кайрылган. Өзү башында бул ооруну өнөкөт ринит деп ойлогон. Бирок Хунань облусунун мамлекеттик ооруканасынын адистери рентген аркылуу оорунун себебин аныктаганда, аялдын мурдунда бир нерсе бардай көрүнгөн.

"Дарыгерлер кичинекей таш туруп калган окшойт" деп алып салууну чечишкен. Бирок операция учурунда бейтаптын мурдуна тиш чыкканы белгилүү болгон.

Азыр аял өзүн жакшы сезип, мурду канаганы токтоп калган. Ал эми тиш доктур мурундун ичине чындап эле тиш өсүшү мүмкүн экенин, ал тургай мурундун учуна дагы чыгарын басылмага билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0