Жалгыз отуруп тамак ичпе! Окумуштуулардын иликтөөсү

Жазылуу
Адистер 7752 киши толтурган анектаны анализдеп, кимиси канчалык даражада жалгыздап тамактанарын санап чыгышкан

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Түштүк Кореянын окумуштуулары жалгыздап отуруп алып тамактануу ичке май катмарын топтоп, метаболикалык синдромду пайда болуу тобокелдигин жаратарын айтышты. Бул туурасында РИА Новости Obesity Research & Clinical Practice журналына жарыяланган маалыматка таянып жазды.

Соода кылып жаткан кары адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Картайганча чың ден соолукта жашоонун ыкмалары табылды
Адистер 7752 киши толтурган анектаны анализдеп, кимиси канчалык даражада жалгыз тамактанарын санап чыгышкан.

Алар статистикага таянып, жалгыз тамактанганды жакшы көргөндөрдүн метаболикалык синдромго чалдыкканын айтышкан. Окумуштуулардын айтымында, бул — адамдын казы байлашына алып келет.

Жалгыз отуруп алып күнүнө экиден кем эмес ирет курсагын тойгузган эркектерде аталган синдромдун пайда болушу эл менен отуруп жегендердикине караганда 64 пайызга жогору болуп чыккан. Ал эми аялдарда бул көрсөткүч 29 пайызды түзгөн.

"Бул жыйынтык жалгыз-жарымдап отуруп тамак ичүү метаболикалык синдромдун жаралышын шартташы мүмкүн экенин далилдейт", — деп айтылат макалада.

Метаболикалык синдром — адамдын жүрөк-кан тамыр ооруларын жана 2-типтеги диабетти пайда кылуучу организмдеги заттардын алмашуусунун бузулушу. Андан улам ткандардын инсулиндин аракеттерине таасири начарлап калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0