ЮНИСЕФ: дүйнөдө ар бир 7 мүнөт сайын зомбулуктан бир өспүрүм көз жумат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүУчреждения для лиц с ограниченными возможностями жизнедеятельности
Учреждения для лиц с ограниченными возможностями жизнедеятельности - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылы зомбулуктан дүйнө жүзү боюнче 82 миң бала каза тапкан

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Дүйнөдө ар бир жети мүнөт сайын зомбулуктан бир өспүрүм каза табат. Бул тууралуу Кыргызстандагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Бул маалымат БУУнун Балдар фондусунун "Тааныш жүз: балдардын жана өспүрүмдөрдүн жашоосундагы зомбулук" аттуу отчетунда жазылган.

"Дүйнөдө ар бир жети мүнөт сайын бир өспүрүм зомбулуктан көз жумат. Балдарды жаакка чабышат, сексуалдык иш-аракеттерге, никеге турууга мажбурлашат, сатышат, өлтүрүп да коюшат. Ал эми Кыргызстан тууралуу айта турган болсок, балдар үйлөрүнүн жарымынан көбү, тагыраагы 57 пайыз тарбиялануучулар ур-тепкиге алынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми дүйнө жүзү боюнча экиден төрт жашка чейинки курактагы 300 миллион бала үйүндөгүлөр тарабынан зордук-зомбулук көрүшөт.

Врач-психиатр Мизирхат Курманалиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Аялдар адатта сүйгөнүнө, эркек кез келгенине кол салат. Бишкектик психиатрдын маеги
Үй-бүлөдө кордолгондор жана балдарга ташбоор мамиленин күбөлөрү Эмгек жана өнүктүрүү министрлигине караштуу 111 ишеним телефонуна кайрылса болот.

Ошондой эле Бишкек, Талас, Каракол шаарларында жана Түп айылында зордук-зомбулуктан жабыр тарткан балдар үчүн жардам борборлору иштей турганы айтылды.

Маалымат иретинде айтсак, 2015-жылы зомбулуктан дүйнөдө 82 миң өспүрүм көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0