БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Террорчулукка азгырган КМШдагы сайттар чет өлкөлөрдөн туруп иш кылышат. Бул туурасында РИА Новости КМШ мамлекеттеринин Террорчулукка каршы күрөшкөн борбордун кызматкери Антон Арефьевге таянып жазды.
"Террорчулукка азгырган КМШдагы интернет-ресурстардын 90 пайыздан ашууну чет өлкөлөрдө ачылып, жайгашкан", — деген Арефьев маалымат жыйын учурунда.
Арефьев бул сандар аталган борбор жылдын башында жүргүзгөн анализден улам белгилүү болгонун, экстремисттик жана террордук маанайдагы 1800гө жакын интернет-ресурстарды көздөн өткөрдүктөрүн айтты.