Академик Алферов Лениндин сөөгүн көмүүгө каршы чыкты

© Sputnik / О. Носова / Медиабанкка өтүүМавзолей В. И. Ленина
Мавзолей В. И. Ленина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Telegram-каналына бул темада жазып, оюн калтырган

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Академик, Нобель сыйлыгынын лауреаты Жорес Алферов Владимир Лениндин катырылган сөөгүн көмүүгө каршы чыкканын РИА Новости жазды.

Алферов мындай пикирин Коммунисттер жана жумушчулар партиясынын эл аралык 19-жолугушуусунда билдирген.

"Менимче, дегеле ага (Ленинди сөөгүнө – ред.) тийип кереги жок", — деп академик РИА Новостиге билдирген.

Мумия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мумия эмнеси менен баалуу эле? Нааразы археологдор, "боору ооруган" министр
Бейшемби күнү Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Telegram-каналына Лениндин катырылган сөөгүн жана Петербургдагы Кунсткамерада сакталып турган наиб имам Шамил ажы-Мураттын башы тууралуу "тарыхый көз караштан алганда деле эң натуура" экендигин айткан.

"Россиянын жүрөгүндө. Кызыл Аянтта кишинин сөөгү табытта көмүлбөй турат. Лениндин сөөгүн тиктей берүүнүн кажети жок" деген маанайда айткан. Лениндин сөөгүн жерге жашыруу боюнча коомчулукта талкуу көптөн бери жүрүп келет. Бул маселе, 2017-жылы Октябрдын жүз жылдыгына карата кайрадан көтөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0