Окумуштуулар балдардын уйкусу эмнеден улам канбай каларын аныкташты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДом ребенка в Пхеньяне
Дом ребенка в Пхеньяне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор ата-энелерге балдары уктаар алдында аларга телефон карматпоону сунуштап, чүрпөсү уктай турган бөлмөгө эч кандай ноутбук, смартфондорду таштабоого чакырды.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Ноутбук, смртфон жана планшеттер балдардын жана өспүрүмдөрдүн ден соолугуна зыян экенин окумуштуулар аныктап чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Илимпоздор балдардын көзү чоңдордукуна салыштырмалуу жарыкка сезимтал келип, канчалык экран алдында көп отурса ошончолук анын уйкусу начар болорун айтышкан.

Мындан улам окумуштуулар ата-энелерге балдары уктаар алдында аларга телефон карматпоону сунуштап, чүрпөсү уктай турган бөлмөгө эч кандай ноутбук, смартфондорду таштабоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0