Дүйнө жүзү боюнча WhatsApp мессенджеринин иши үзгүлтүккө учурады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүWhatsApp мессенджери. Архив
WhatsApp мессенджери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
WhatsApp үзгүлтүккө учурап, миллиондогон колдонуучулар нааразы болуп жатат

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча WhatsApp мессенджеринин иши үзгүлтүккө учурап жатканын британиялык Mirror басылмасы жазды.

​Бул тиркемедеги убактылуу кемчиликтер боюнча жаңылык акыркы сааттарда Twitter тренддерине кошулду.

WhatsApp мессенджеринин иши түштөн кийин аксай баштап, ушул мүнөттөргө чейин кемчиликтер жоюла элек.

Азырынча аталган компаниянын жетекчилиги колдонуучулардын даттануусуна үн ката элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0