Сауд Аравияда коррупцияга айыпталып 11 ханзаада кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКол кишен. Архив
Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар мыйзамсыз аракеттерди жасаган деп айыпталууда

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы башында турган коррупция менен күрөшүү комитетинин жыйыны болуп, учурда мамлекетти башкарып жаткан үй-бүлөдөгү 11 канзаданы жана королдуктун өкмөтүнүн курамындагы төрт министрди кармоо боюнча буйрук чыгарды. Бул тууралуу "Аль-Арабия" телеканалы жазып чыкты.

Конкурс красоты Мисс бикини — 2014 - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравияда аялдар бикини кийип жүрө турчу курорт пайда болот
"Аджиль" маалымат порталынын маалыматына ылайык, өлкөнү башкарып жаткан үй-бүлөнүн бир мүчөсү курал-жаракты сатуу боюнча мыйзамсыз аракеттерге барган деп айыпталууда, дагы бир ханзаадага жок эле келишимге кол койгон деген кине коюлган. Үчүнчү ханзаада арам акчаларды адалдоого катыштыгы бар деп кармалды.

Ишемби күнү Сауд Аравиянын падышасы Сальман Бен Абдель Азиз Аль Сауд мураскер ханзаада Мухаммед бен Сальман башында турган коррупция менен күрөшүү комитетин түзүү боюнча буйрук чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0