Сауд Аравия өз аймагына учурулган баллистикалык ракетаны атып түшүрдү

© AP Photo / Hassan AmmarЭр-Рияд шаары. Сауд Аравиясы. Архив
Эр-Рияд шаары. Сауд Аравиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКлардын маалыматына ылайык, ракета Йемендин аймагынан учурулган. АКШ президенти Дональд Трамп бул аракети үчүн Иранды айыптады.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Йеменден Сауд Аравияны көздөй учурулган баллистикалык ракета атып түшүрүлдү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги "Аль-Арабия" телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, чабуулга тез арада аракет көрүлүп, ал карапайым калкка залал келтирген эмес. Эр-Рияддагы эл аралык аэропорт кадимки тартипте иштеп жатат.

Ливандын "Аль-Маядин" телеканалы өздүк булактарына таянуу менен Йемендин ракеталык аскери менен улуттук кошууну Эр-Рияддагы Халед падыша атындагы эл аралык аэропорттогу бута таамай жок кылынганын буга чейин жазып чыккан.

"Душмандардын борбору биздин ракеталардан корголбогонун дагы бир жолу далилдедик", — деп Йемендин "Ансар Алла" кыймылынын расмий өкүлү Мохаммад Абед Ас-Салям Twitter баракчасына жазды.

Парад вооруженных сил в Тегеране - Sputnik Кыргызстан
Иран баллистикалык ракета сынады
Йемендеги аскерий-саясий жаңжал 2014-жылдан бери уланып келе жатат. Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкты жөнгө салуу боюнча жасаган аракеттеринен майнап чыккан жок. Мамлекетте негизинин тараптар эки жаатка бөлүнүп кармашууда. Биринчи тарап шииттердин "Ансар Алла" кыймылы менен мурдагы президент Али Абдалл Салехти колдосо, экинчи тарап өкмөттүн аскерин, элдик кошуунду жана учурдагы президент Абд Рабба Мансурду колдоп жатышат.

Өкмөткө Сауд Аравиясы жардам берип келет, буга жооп катары Йемендеги козголоңчулар Сауд Аравиянын чек арасына жакын аймактарды ракета менен аткылашууда.

Ал ортодо АКШ президенти Дональд Трамп Сауд Аравияны көздөй атылган ракетанын артында Иран турат деген айыптоосун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0