Окумуштуулар достор менен тынбай баарлашуу мээге кандай таасир этерин аныкташты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМээнин рентген сүрөтүн карап жаткан дарыгер. Архив
Мээнин рентген сүрөтүн карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экспериментке 80ден 90 жашка чейинки 31 адам катышкан.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. АКШнын Түндүк-Батыш университетинин окумуштуулары адамдар менен ынак мамиледе болуу мээнин бат карышынан сактай турганын аныктаган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Окмуштуулар көп жоро-жолдоштору бар жана адамдар менен сүйлөшө бербеген пенсионерлердин эс тутуму кандай экенин иликтеп көргөн.

Тамак-аш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ачкалык адамдын узак жашоосуна кандай таасир берери айтылды
Экспериментке 80ден 90 жашка чейинки 31 адам катышкан. Аларга 15 нерсени көрсөтүп кийин ошону кайра эстеп атап берүүсүн сурашкан. Натыйжада биринчи топтогу катышуучулар тапшырмаларды алда канча жакшыраак аткарышкан.

Андан соң социалдык байланыштары, өзүнө жана айлана чөйрөгө болгон мамилеси жана жашоодогу максаты тууралуу берилген суроолорго жооп берип анкета толтурушкан.

Жыйынтыгында жоро-жолдоштору көп жана алар менен жылуу мамиледе жүргөн карылар тапшырмаларды алда канча жакшы аткарганы белгилүү болгон. Ошону менен бирге сергек жашоо образы, тамактануу, ишмердүүлүк, адамдар менен баарлашып туруу жана өзүнө жакшы кам көрүү эс тутумду сактоого өбөлгө болоору айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0