Тик учак кулап Сауд Аравиясынын ханзаадасы каза болду

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүСпасатели МЧС РФ проводят учения по воздушно-десантной подготовке в Амурской области Спасатели МЧС РФ проводят учения по воздушно-десантной подготовке в Амурской области
Спасатели МЧС РФ проводят учения по воздушно-десантной подготовке в Амурской области Спасатели МЧС РФ проводят учения по воздушно-десантной подготовке в Амурской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аль-Аравия телеканалынын билдиргенине караганда каза болгондордун арасында ханзаада дагы бар

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Сауд Аравиясынын түштүгүндө өлкөнүн ханзаадасы Мансур бен Мукрин бара жаткан тик учак кулады. Бул тууралуу Аль-Аравия телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Кыйроого учураган тик учактын ар кайсы бөлүктөрү табылды. Учурда тирүү калгандар изделип жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, тик учакта Асир провинциясынын губернаторунун орун басары ханзаада Мансур бен Мукрин жана аны коштоп келе жаткан аткаминерлер болгон.

Алар өлкөнүн түндүгүнө болгон бир күндүк иш сапардан кайтып келе жатышкан.

Аль-Аравия телеканалынын билдиргенине караганда, каза болгондордун арасында ханзаада дагы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0