Окумуштуулар адам өлгөндөн соң эмнени сезерин айтып беришти

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүБолельщики Олимпиады 2014 в Олимпийском парке в Сочи
Болельщики Олимпиады 2014 в Олимпийском парке в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар доктурлар менен медайымдарды көргөндүгүн, медиктер эмне деп сүйлөшкөнүн уккандыгын айтып берген учурлар бар

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Адамдын жаны чыккандан кийин ал өлгөнүн, айланасында эмне болуп жаткандыгын түшүнүп турат. Бул туурасында РИА Новости LiveScience басылмасындагы материалга таянып жазды.

Адам өлгөндөн кийин эмне сезерин Нью-Йорк университетинин медицина мектебинин окумуштуулары өздөрүнүн иликтөөсүнө таянып айтып беришкен.

"Дарыгерлер жүрөк иштебей калгандыгын айтат: бул кан мээге куюлганда, анын иши дароо токтойт деген түшүнүк. Акырында мээнин клеткасы өлө баштайт, бул клиникалык өлүмдүн бир нече сааты деп билсек болот", — деп айткан изилдөөнүн жетекчиси Сэм Парниа.

Тамак-аш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ачкалык адамдын узак жашоосуна кандай таасир берери айтылды
Андан сырткары, адамдын аң-сезими жүрөктүн согушу токтошу менен дароо эле өчүп калбайт. Адамдар "өлүмдүн биринчи фазасында" тирүүлүктүн, акыл-эси кете электигинин белгисин бериши мүмкүн. Буга далил катары жүрөгү токтоп калган учурларда алар айланасында эмне болуп жаткандыгын сезген учурларды айтсак болот. Клиникалык өлүмдөн ойгонгондор эсинде калгандарын айтып беришкен.

"Алар врачтар менен медайымдарды көргөндүгүн, медиктер эмне деп сүйлөшкөнүн уккандыгын айтып берген учурлар бар. Эгерде сезип, угуп турбаса алардын кандай маанайда эмне дегендигин кайдан билмек эле", — деген Парниа.

Муну медиктер да тастыктап, алардын бейтаптары өлдү деген учурда эмне болгондугун, кийин эсине келгенден соң айтып беришкендигин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0