Япония Түндүк Кореяга карата санкция киргизмекчи болду

© REUTERS / Jonathan ErnstВизит президента США Дональда Трампа в Японию
Визит президента США Дональда Трампа в Японию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япон өкмөт башчысы мындай кадамга АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин баргандыгын айтты

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Түндүк Кореяга тийиштүү 35 эсепти иштетпей, тоңдуруу планы туурасында билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.

Япон өкмөт башчысы мындай кадамга АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин баргандыгын белгиледи. Ал санкциялар Кореянын өзөктүк программалар боюнча кадамынан улам салына тургандыгын айтты.

"Биз Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар жана ракеталар программалары боюнча көйгөйдөн улам кошумча санкцияларды киргизүү чечимине келдик. Шейшемби күнү 35 жеке тарап менен уюмдун эсебин тоңдуруу боюнча документ кабыл алабыз",— деди Абэ.

Мындан бир нече убакыт мурда РФ президенти Владимир Путин БУУнун Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореяга карата кабыл алынган резолюциясын аткаруу боюнча атайын Жарлыкка кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0