Окумуштуулар ракты дарылоонун дагы бир жолун тапканын айтышты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКраевой центр лабораторных технологий в Краснодаре
Краевой центр лабораторных технологий в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркаган органга аталган дарыларды киргизүү атайын медициналык лазердин жардамы менен жасалат

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Рак клеткаларын астероиддин металлы менен таап, жок кылса болот. Бул туурасында РИА Новости EurekAlert порталынын маалыматына шилтеме берип кабарлады.

Болельщики Олимпиады 2014 в Олимпийском парке в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар адам өлгөндөн соң эмнени сезерин айтып беришти
Дарттын дабасын тапкан иликтөө тууралуу Уорика (Улуу Британия) жана Сунь Ятсен (Кытай) университеттеринин окумуштуулары аталган журналга жарыялашкан.

Окумуштуулар метероиттин тегине кирген иридийди колдонуу элементи онкологиялык илдеттер менен күрөшө турган натыйжалу ыкма деп табылган.

Эксперимент рак клеткаларына аталган металлды киргизгенде аны жок кылат, ал эми соо ткандарга зыянын тийгизбей турганын көрсөткөн.

"Иридий менен органикалык заттардын кошулмасы залалдуу шишиктин бардык катмарына кирип, аны аны өлтүрдү. Бул аталган дарылоо ыкмасынын канчалык натыйжалуу экендигинен кабар берет", — деп жазышкан окумуштуулар.

Жабыркаган органга аталган дарыларды киргизүү атайын медициналык лазердин жардамы менен жасалат.

"Иридий Жерге астероид менен мындан 66 миллион жыл мурда учуп келген, эми аны медициналык максатта пайдаланууга мезгил келип жетти", — деген Уорика университетинин профессору Питер Сэдлер.

Окумуштуулар ушу тапта келерки клиникалык сыноолорду чыдамсыздык менен күтүп жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0