Шумдук! Фотограф Instagram баракчасындагы укмуштуу сүрөттөрдүн сырын ачты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети instagram пользователя gilmarphotos
Снимок с социальной сети instagram пользователя gilmarphotos - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзүнүн тамаша сыңары долбоорун LUGARxPHOTO ("Тартылган жери жана сүрөт") деп атаган. Сүрөтчүнүн сыйкырларына Instagram баракчасында 243 миң колдонуучу көз салып турат.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Бразилиялык фотограф Гилмар Силва өзүнүн Instagram баракчасындагы укмуштуудай сүрөттөрүнүн сырын ачкан долбоорун ишке ашырды. Бул тууралуу Bored Panda маалымат порталы жазып чыкты.

Сүрөтчү Instagram баракчасындагы кош бойлуу айымдардын, балдардын, сүйүшкөндөрдүн өзгөчө кооз сүрөттөрүн кандайча жаратарын айтып берген.

Анда ал жаш түгөйлөрдүн деңиз жээгинде күн батып бараткан сүрөтүн чындыгында арык жээгинен тартканын, ал эми кош бойлуу келиндин жапайы чытырман камыштын арасындагы сүрөтү үйдүн жанындагы бактын алдынан тартылганын айткан. Дагы башка өзгөчө сүрөттөрү жол жээгинде, кадимки эле көлчүктүн жанынан жаралган. Ал эми сүрөттөргө өзгөчө кооздукту фотошоптун жардамы менен берерин билдирген.

"Башкысы тартылып жаткан жерди карабастан, ал өтүп жаткан бурчка көңүл буруу зарыл", — деди сүрөтчү.

Өзүнүн тамаша сыңары долбоорун ал LUGARxPHOTO ("Тартылган жери жана сүрөт") деп атаган. Сүрөтчүнүн сыйкырларына Instagram баракчасында 243 миң колдонуучу көз салып турат.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0