Англияда 400гө жакын жаныбарды өлтүргөн киши изделүүдө

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМышык. Архив
Мышык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция кылмышкердин жаныбарлардан кийин адамдарды да өлтүрүүгө өтүүсү мүмкүн деп кооптонууда

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Лондон полициясы эки жыл ичинде 358 жаныбарды өлтүргөн жаранды издеп жатканын Sputnik Түркия агенттиги жазды. 

Маалыматка караганда, 2015-жылы сегиз, 2016-жылы 114, ал эми үстүбүздөгү жылда 246 жаныбар бирдей ыкма менен өлтүрүлгөн. Алардын көбү мышыктар.

"Полиция Лондондо 2015-жылдын сентябрынан бери жаныбарларды өлтүрүп жүргөн жаран кийинчерээк аялдарга кол салышы мүмкүн деп кооптонууда",— деп жазылат кабарда.

Полиция кызматкерлеринин айтымында, жаныбарларга кол салган адам кылган ишинен рахат алганын байкоого болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0