Дональд Трамп Түндүк Корея башчысына "кодойгон семиз" деп жооп берди

© Фото / Пресс-служба президента Украины / Медиабанкка өтүүЗаседание Генеральной Ассамблеи ООН
Заседание Генеральной Ассамблеи ООН - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Ким Чен Ын Дональд Трампты "чал" деп атаган эле

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Twitter баракчасында Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ынды "кодойгон семиз" деп атаганын BBC жазып чыкты.

Буга чейин Түндүк Корея Трамптын Азия өлкөлөрүнө болгон сапарын сындап, АКШ ажосун дагы бир жолу "чал" деген эле.

Трамп Ким Чен Ынга жеке баракчасынан жооп берди.

"Эмне үчүн Ким Чен Ын мени "карыган" деп жатат? Мен ага эч качан "кодойгон семиз" деп айткан эмесмин. Эх, мен аны менен дос болууга аракет кылып жатсам…",— деп жазды Трамп.

Ошондой эле Трамп Владимир Путиндин Россиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишпегендиги тууралуу сөздөрүнө ишенерин да билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0