Кофе инфаркт дартынын алдын алабы? Окумуштуулардын иликтөөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековКонкурс на лучший капучино в Бишкеке
Конкурс на лучший капучино в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор жумасына бир чөйчөктөн кофе ичип туруу аны таптакыр татпагандарга салыштырмалуу инфаракт оорусун жети пайызга, ал эми инсультту сегиз пайызга алдын аларын байкашкан.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Америкадагы жүрөк ассоциациясы кофе ичүү жүрөк ооруларынын жана инсульттун алдын алышы мүмкүн экендигин айтышты. Бул тууралуу РИА Новости  билдирди.

Тамак-аш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ачкалык адамдын узак жашоосуна кандай таасир берери айтылды
Иликтөөдө жумасына бир чөйчөктөн кофе ичкен адамдардын аны таптакыр татпагандарга салыштырмалуу инфаркт дартына кабылуусун жети пайызга, ал эми инсультту сегиз пайызга азайтары аныкталган.

Илимпоздор буга чейин да күн сайын кофе ичип туруу айрым оорулардын арты менен келчү өлүмдөн сактай турганын айтышкан.

Иликтөөгө катышкан профессорлордун айтымында, кофе өмүрдү узартат деп айтуу туура эмес, болгону ал өлүм тобокелчилигин азайтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0