ЖМК: Зимбабвенин президенти барымтага алынды

© REUTERS / Philimon Bulawayo / File PhotoПрезидент Зимбабве Роберт Мугабе
Президент Зимбабве Роберт Мугабе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскерлер өлкөнүн президенти Роберт Мугабенин барымтада кармап турат

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Зимбабвенин президенти Роберт Мугабе барымтага алынганын News24 порталына таянып РИА Новости жазды.

Уганда. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Угандада бүбү-бакшылар жаан жаадырыш үчүн балдарды курмандыкка чалууда
Эскерте кетсек, ноябрь айынын башында 93 жаштагы Мугабе өзүнүн мураскери катары эсептелген орун басары Эммерсон Мнангагваны иштен айдаган болчу. Өкмөттүк армиянын басымдуу бөлүгү Мнангагвага жан тартканы айтылган.

Маалыматка ылайык, ушу тапта Мугабе кызматын тапшырууга даярданып жатат. Ошондой эле ал армия жетекчилери менен жубайынын өлкөдөн чыгып кетүүсү боюнча макулдашты.

Буга чейин маалымат каражаттары аскерлер телеборборду басып алганын жана борбор шаарда жардыруулар болуп жаткандыгын жазышкан.

Кийинчээрек аскерлер алардын максаты бийликти басып алуу эмес, кылмышкерлерди кармоо экендигин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0