БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Египеттин Кальюбия облусунда куруучулар турак үйдүн пайдубалын салып жатып, байыркы чиркөөнүн калдыктарын таап алышкан. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Курулуш аянтынан табылган чиркөөнү археологдор Гора, Исиде жана Осирус кудайларына арналып курулган деп божомолдошту. Себеби жер алдынан табылган чиркөө калдыктарында байыркы египеттин иероглифтери жана кудайлардын сүрөтү чагылдырылган. Маалымат порталы учурда ал жерде курулуш иштери токтотулуп, археологиялык казуу иштери жүрүп жатканын баса белгиледи.
Окумуштуулардын айтымында, жер алдында бир гана чиркөөнүн эмес, бүтүндөй байыркы шаардын калдыктары табылышы ыктымал. Табылганын жашы азырынча аныктала элек.