Алла Пугачева менен Максим Галкин чиркөөдөн нике кыйдырышты. Видео

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүМеждународный музыкальный фестиваль "ЖАРА". День третий
Международный музыкальный фестиваль ЖАРА. День третий - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар 2001-жылдан тарта кыз-жигит болуп сүйлөшүп, он жылдан кийин баш кошкон.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Белгилүү ырчы Алла Пугачева менен теле алып баруучу Максим Галкин чиркөөдөн нике кыйдырышты. Бул тууралуу РИА Новости жубайлардын Instagram баракчасындагы видеого шилтеме кылып жазды.

Анда "Бизде кубанычтуу жакшы окуя болду. Биз нике кыйдырдык", — деп Галкин жазган.

Чиркөөдө баш кошкондордун уулу Гарри менен кызы Елизаветта түгөйлөргө күбө болгон.

Жубайлар 2001-жылдан тарта кыз-жигит болуп сүйлөшүп, он жылдан кийин баш кошкон. Андан соң 2013-жылы эгиз балалуу болушкан. Айрым ЖМКлардын маалыматына ылайык, алардын балалуу болуусуна карын эне жардам берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0