ЖМК: АКШнын аба мейкиндигине белгисиз объект кирди

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүБолельщик сборной США
Болельщик сборной США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын аба күчтөрү Орегондун аймагына кирип келген учуучу аппарат эмне экенин аныктай албай жатышат. Себеби ал саатына 700 чакырым ылдамдык менен учкан.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. АКШнын Орегон штатынын аба мейкиндигине кирип келген белгисиз учуучу аппарат Американын авиадиспетчерлерин чууга салды. Бул тууралуу Sputnik International басылмасы жазып чыкты.

Окуя 25-октябрда күндүз болгон. Бирок бул тууралуу эми гана коомчулукка белгилүү болуп отурат. Жерден 10-12 чакырым бийиктикте капысынан пайда болгон объект тууралуу бир нече учкуч диспетчерлерге билдирген. Алардын айтымында, абада пайда болгон аппарат саатына 700 чакырым ылдамдык менен учуп, жарандык учактарга 20 чакырымдай жакындаган.

Белгисиз объектти тосуу үчүн АКШ аба күчтөрүнүн F-15 аскер учактары абага көтөрүлгөн, бирок ал капысынан жок болуп кеткен. Учуучу аппарат заманбап байкоо системасынан из жашырган болушу ыктымалдыгы айтылууда.

АКШнын аба күчтөрү менен жарандык авиациянын федералдык башкармалыгы Американын аба мейкиндигине түшүнүксүз объект кирип келгенин тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0