Чыныгы Хатико! Колумбияда аэропортко ташталган ит ээсин күтүп жатып өлдү

© REUTERS / Brendan McDermidВыставка собак Westminster Kennel Club в Нью-Йорке
Выставка собак Westminster Kennel Club в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Убакыт өткөн сайын артынан эч ким келбей турганын түшүнгөн ит бурчка жатып алып, берген тамактын бирин да жебей койгон.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Колумбияда аэропортко ташталган ит ээсин күтүп жатып өлдү. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Благотворительная выставка Мы в ответе за тех, кого приручили - Sputnik Кыргызстан
Түркмөнстанда алабай итине эстелик тургузулат
Маалым болгондой ит кожоюнун бир айдай күткөн. Башында аэропорттун кызматкерлери жана жүргүнчүлөрү берген тамакты жеп, "ууга" чыгып кайра келип калчу.

Бирок убакыт өткөн сайын артынан эч ким келбей турганын түшүнгөн ит бурчка жатып алып, берген тамактын бирин да жебей койгон.

Аэропорттун кызматкери үй жаныбарынын саламаттыгына кабатыр болуп, мал доктурга кайрылган. Дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөнү менен абалы начарлап, өлүп калган.

Ветеринарлар аны кандайдыр бир оорудан эмес, психологиялык жактан кыйналып өлдү деген жыйынтыкка келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0