Лотереядан 506 миллион рубль уткан россиялык пенсионердин өмүрү коркунучта

Жазылуу
Наталья Власова лотереядан 506 миллион рубль утуп алган

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Россияда лотереядан көп суммадагы каражат утуп алган пенсионер Наталья Власовага карата коркутуулар болуп жатканын "Вести. Воронеж" телеканалы билдирди.

Пенсионер лотереядан 506 миллион рубль утуп алган. Андан соң ал социалдык тармактагы бардык баракчаларын өчүрүп чыккан. Учурда көчөдө жүрүүдөн кооптонуп үйдөн чыкпаганга аракет кылып жатканы айтылат. Буга ага карата болуп жаткан коркутуулар себеп болгон.

63 жаштагы пенсионердин уткан каражаты жаңы-жылдан кийин колуна тиет. Анын 65 миллион рублин салык кызматы кармап калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0