Окумуштуулар: чылым чеккен аял шал бала төрөшү мүмкүн

© AFP / ROSLAN RAHMANБеременная женщина
Беременная женщина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамекиге жакын эне курсагындагы баласы түйүлдүк кезинде эле ага кычкылтек жеткирбей, мээсинин кыймыл жана эс тутумга жооп берчү бөлүктөрүн жабыркатып коет

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кош бойлуу маалында эненин чылым чегиши курсактагы түйүлдүктү шал оорусуна кабылтышы мүмкүн. Бул тууралуу Frontiers in Molecular Neuroscience журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Иликтөөлөргө караганда, балалуу болгусу келген аял кош бойлуулу болууну пландаса, айлар эмес, бир нече жыл калганда чылымды ташташы керек. Анткени никотин аялдын энелик жумуртка бездерине терс таасир этет", — дешет окумуштуулар.

Маалыматка караганда, чылым чеккен энелерден туулган балдардын колу-буту алсыз келип, эс тутуму начар болору аныкталган.

Ошондой эле тамекиге жакын эне курсагындагы баласы түйүлдүк кезинде эле ага кычкылтек жеткирбей, мээсинин кыймыл жана эс тутумга жооп берчү бөлүктөрүн жабыркатып салаары айтылды.

Мындан улам, окумуштуулар бала тубаса шал оорусу менен төрөлөрүн кошумчалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0