Окумуштуулар канткенде киши рактан алыс болорун айтты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиктер ракка кабылуу кооптуулугу тамеки чегүү дешкен

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Рак илдети менен ооругандардын 40 пайызы өздөрүнүн зыяндуу адаттарын таштабагандыктан улам кабылат. Бул туурасында РИА Новости америкалык онколог окумуштуулар коомунун айткандарына таянып жазып чыкты. 

Алар ракка кабылуу кооптуулугу тамеки чегүү дешкен. Залалдуу шишикке кабылгандардын 19 пайызын, көз жумгандардын 29 пайызын түзөрү айтылган. Ал эми ашыкча салмак илдетине кабылдагандардын жети пайызын, андан көз жумгандардын алты пайызын түзгөн.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар карылыктын алдын алчу ыкма табышты
Зыяндуу адаттардын арасына арак ичүү, аз кыймылдоо киргизилген. Бул факторлор рак илдетинин 26 түрү табылган кишилерден кездешкен. Бул жагдайлар өзгөчө өпкө жана жоон ичегини жабыркатары маалымдалган.

Окумуштуулар зыяндуу адаттары аз, таң салмактап тамактанган жана дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, кыймылда болгондордо рактын аз кездешерин айтышкан. Медиктер мындан сырткары залалдуу шишиктердин органзимде пайда болгон, болбогонун үзгүлтүксүз текшертип турууга кеңеш беришкен.

Буга чейин америкалык илимпоздор аракка берилүү, ал тургай ичимдикти эби менен ичүү шишиктин залалдүү түрлөрүн пайда кыларын айтышкан. Бул эмчектин, тамактын, кызыл өңгөчтүн, боордун жана башка органдардын аты жаман ооруга кабылуусуна себепкер болушу мүмкүн дешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0