Ливиянын жээгинде африкалык мигранттар акулаларга жем болду

© REUTERS / Darrin Zammit LupiСпасательная операция, затонувшего судна мигрантов из стран Африки у берегов Ливии
Спасательная операция, затонувшего судна мигрантов из стран Африки у берегов Ливии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
31 киши каза болуп, 40 киши дайынсыз болууда

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жер ортолук деңизде африкалык мигранттар кетип бараткан кайык чөгүп, анын ичиндегилер акулаларга жем болгонун The Daily Mail басылмасы Ливиянын аскер-деңиз күчтөрүнө таянуу менен билдирди.

Адское пиршество — дрон заснял видео охоты акул - Sputnik Кыргызстан
Акулалардын үрөй учурган аңчылыгы биринчи жолу видеого түштү
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя дем алыш күндөрү Ливиянын жээктеринде болгон. Сомали, Гана, Нигерия жана Эфиопиядан келе жаткан 200дөй мигрант үйлөтүлгөн эки кайык менен Италияны көздөй сапар алышкан. Күтүлбөгөн жерден бир кайык чөгүп, сууга түшкөн кишилерге акулалар кол салган.

Кырсык болгон жерге Ливиянын жээкти коргоо кызматкерлери келип, суудан 31 кишинин сөөгүн чыгарышкан. Андан сырктары, кырсык болгон жерде беш көк акуланын сүзүп жүргөнүн байкашкан. 40 киши дайынсыз жоголгон. Калгандарын жээкти коргоо кызматынын өкүлдөрү куткарып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0