Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун архивдик сүрөтү

Рамзан Кадыров Емельяненко менен спаррингге чыкты. Видео

4127
(жаңыланган 14:53 02.12.2017)
Беттеш учурунда Емельяненкого Чеченстандын башчысына кол көтөрүүдөн кооптонбойсузбу деген суроону беришкен

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров эрежесиз мушташ ММА боюнча белгилүү россиялык мушкер Александр Емельяненко менен спаррингге чыкты. Бул видеону спортчу Instagram баракчасына жайгаштырды.

Емельяненко "Россия-1" телеканалындагы "Наиля Аскер-заде менен чыккан каармандар" берүүсүнөн алынган фрагменттерди жарыялаган.

Спарринг учурунда Емельяненко "Чеченстандын башчысына кол көтөрүүдөн кооптонбойсузбу" деген суроого "спорт баарын теңдеп турат" деп жооп берген.

Александр Емельяненко — самбо боюнча Россиянын, дүйнөнүн самбо боюнча көп жолку чемпиону.

Ал 2015-жылы зордуктоо айыбы менен 4,5 жылга жазага тартылган. Кийин сот 2 жыл 23 күндүк мөөнөтүн эркиндикте түзөтүү жумуштарына алмаштыруу боюнча чечим чыгарган. Бирок бул чечимге прокуратура нааразычылыгын билдирип, 24-ноябрда ал кайра каралган болчу.

Емельяненко бир нече беттешүүлөрдү өткөрүү үчүн "Ахмат" клубу менен келишимге кол койгон.

Белгилей кетсек, Александр Емельяненко Федор Емельяненконун иниси.

4127
Белгилер:
спорт, беттешүү, Рамзан Кадыров, Александр Емельяненко
Тема боюнча
ММА мушкери Александр Емельяненко колониядан бошотулду
Россияда көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш

Россиядагы көк бөрү турнирин Москва командасы утуп алды. Сүрөт

25
(жаңыланган 16:46 14.06.2021)
Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды.

  • Команды во время международного турнира по кок-бору в России на кубок Чингиза Айтматова. 14 июня 2021 года
    Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды
    © Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
  • Команда из Московской области  выигравшая международный турнир по кок-бору в России на кубок Чингиза Айтматова. 14 июня 2021 года
    Баш байгеге Айтматовдун кубогу ойнотулуп, аны Москва командасы утуп алды
    © Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
  • Команды во время международного турнира по кок-бору в России на кубок Чингиза Айтматова. 14 июня 2021 года
    Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты
    © Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
1 / 3
© Фото / пресс-служба Федерации кок-бору Кыргызстана
Россияда кыргыздын атактуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды

Турнир Москва облусунун Сергиев Пасад шаарындагы Благовещенский талаасында болуп, Кыргызстан менен Россиядан төрт команда катышты. Көк бөрүнүн маанисин эл аралык аренада көрсөтүп берүү үчүн Москва, Иркутск жана Подольск шаарларындагы командалардын ар бирине экиден кыргызстандык көк бөрүчү кошулуп ойноду.

Жарым финалда Подольск командасы "Атуул" (Кыргызстан) менен беттешип, 12:2 эсеби менен 3-орунду ээледи. Ал эми финалдык беттеште Москва облусунун командасы Иркутскинин улакчыларын 4:1 эсебинде утуп, баш байгеге ээ болду.

Мындан тышкары, Москва командасынан Бообек Шекербек уулу турнирдин мыкты оюнчусу, Иркутскинин "Бойка" аттуу аргымагы мыкты ат наамына татыды.

Сыйлоо аземине Көк бөрү федерациясынын президенти Искендер Кадыркулов, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директору Айбек Ажигулов жана Россия элдеринин ассамблеясынын аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Назиржон Абдуганиев катышкан.

Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция аталган турнирге катышуу үчүн 12 улакчыны Москвага жөнөткөн.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чара Россия жана Евразия элдеринин "Русский мир" дене тарбия фестивалынын алкагында өткөрүлдү. Аны Спортту жана тынчтык маданиятын өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча региондор аралык коомдук фонду, Россиянын Элдер ассамблеясы жана Кыргызстандын Көк бөрү улуттук федерациясы уюштурган.

25
Белгилер:
турнир, мелдеш, Көк бөрү, Россия
Тема боюнча
Россияда Айтматов атындагы эл аралык көк бөрү мелдеши башталды
"Русский мир" фестивалында көк бөрү мелдеши өтөт
Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова

Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш уюмунун рейтингинде 1-орунга чыкты

65
(жаңыланган 16:03 14.06.2021)
Тыныбекова акыркы мелдешине чейин 62 килограмм салмактагы балбандар арасында бешинчи орунда турса, азыр биринчиге жайгашты.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш уюмунун (UWW) рейтингинин сап башына чыкты. Бул тууралуу спорттук уюмдун сайтында жазылды.

Жаңы рейтинг Польшадагы эл аралык турнир жыйынтыкталгандан кийин жарыяланды. Бул мелдеште Тыныбекова алтын алган.

Эми балбан кыз 62 килограмм салмактагылар арасында биринчи орунда турат. Ага чейин тизмеде бешинчи болчу. Экинчиге венгриялык Марианна Шаштин, үчүнчүгө бразилиялык Лаис Нуньес жайгашты.

65
Белгилер:
рейтинг, балбан, күрөш, UWW, Айсулуу Тыныбекова
Тема боюнча
Утулуп жатып утуп кетти. Тыныбекова Poland Open турниринин финалына чыккан видео
Айсулуу баш болгон балбан кыздар Польшадагы турнирге катышат. Убактысы
ГКНБ выявил налаженную схему ввоза контрабандных автомашин из Абхазии

УКМК: Абхазиядан унааларды мыйзамсыз ташуу схемасы аныкталды

0
(жаңыланган 17:43 14.06.2021)
9-июнь күнү "Чалдыбар" өткөрүү пунктунан жүк ташуучу Volvo унаасы менен жүргүнчү ташыган сегиз автоунааны ташып келе жаткан Кыргызстандын И.Т.К. аттуу жараны кармалган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстанга "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Армениянын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазиядан автоунааларды аткезчилик жол менен ташуу схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

  • ГКНБ выявил налаженную схему ввоза контрабандных автомашин из Абхазии
    Кыргызстанга "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Армениянын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазиядан автоунааларды аткезчилик жол менен ташуу схемасы аныкталды
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • ГКНБ выявил налаженную схему ввоза контрабандных автомашин из Абхазии
    Маалыматка караганда, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Экономикалык контрабанда") каралган кылмыш белгилери боюнча иликтөө жүргүзүлгөн
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • ГКНБ выявил налаженную схему ввоза контрабандных автомашин из Абхазии
    Жүк ташуучу унаа сегиз автоунаасы менен айып короого киргизилди
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
  • ГКНБ выявил налаженную схему ввоза контрабандных автомашин из Абхазии
    Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ЕАЭБдеги Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелерине ылайык, бажы жол-жобосун сактабастан Абхазиядан алып келинген автоунаалардын иштөөсү мыйзамсыз экендигин эске салат.
    © Фото / пресс-служба ГКНБ
1 / 4
© Фото / пресс-служба ГКНБ
Кыргызстанга "Чалдыбар" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Армениянын жасалма каттоо документтеринин негизинде Абхазиядан автоунааларды аткезчилик жол менен ташуу схемасы аныкталды

Маалыматка караганда, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Экономикалык контрабанда") каралган кылмыш белгилери боюнча иликтөө жүргүзүлгөн.

"9-июнь күнү "Чалдыбар" өткөрүү пунктунан жүк ташуучу Volvo унаасы менен жүргүнчү ташыган сегиз автоунааны ташып келе жаткан Кыргызстандын И.Т.К. аттуу жараны кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле автоунааларды текшерүүдө төмөнкүлөр табылган:

  • Абхазиянын мамлекеттик автоунаа номерлеринин 8 документи;
  • Абхазиянын автоунааларын каттоонун 8 күбөлүгү;
  • Армениянын мамлекеттик каттоо белгилеринин 10 жасалма документи;
  • Армениянын автоунааларын каттоонун 10 жасалма күбөлүгү;
  • Кыргызстандын Чек ара кызматынын мамлекеттик жасалма бир номери.

Жүк ташуучу унаа сегиз автоунаасы менен айып короого киргизилди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ЕАЭБдеги Бажы кодексинин 264 жана 275-беренелерине ылайык, бажы жол-жобосун сактабастан Абхазиядан алып келинген автоунаалардын иштөөсү мыйзамсыз экендигин эске салат.

Унааны ЕАЭБ аймагына ташып келүүдө бир жылга берилген убактылуу бажы декларациясын толтуруу керек. Андан кийин бул унаа ЕАЭБдин аймагынан чыгып кетиши керек же бажы жол-жобосунан өтүшү керек.

0
Белгилер:
мыйзам, Евразиялык экономикалык биримдик, бажы, Абхазия, УКМК, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте Абхазиянын номери тагылган автоунаалар кармалууда
Министрлик: Абхазиянын номери тагылган унааларды мамлекет алып коюшу мүмкүн