Үй ээси турагына чоочун киши суроо-сопкутсуз киргенин унитаздан билип койгон

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүОткрытие кафе " Crazy Toilet" в Москве
Открытие кафе  Crazy Toilet в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция гаражда мас болуп уктап калган 26 жаштагы чоочун кишини таап чыккан

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Американын Мичиган штатынын жашоочусу үйүнө чоочун бирөө киргендигин унитаздын түшүрүлгөн капкагынан улам байкап койгон. Бул туурасында РИА Новости Record Eagle басылмасына таянып жазды.

Жергиликтүү полициянын жетекчиси Жефф О'Бриендин айтымында, Траверс-Сити калаасынын жашоочусу аларга кайрылып, жардам сураган.

Митинг в поддержку мигрантов в центре Рима - Sputnik Кыргызстан
Кытайда дырдай жылаңач кишинин уурулук кылып жүргөнү видеого түшүп калган
Жалгыз жашаган киши үйүнө чоочун бирөөлөр киргендигин эртең менен турары менен дароо байкаган. Ага унитаздын адатта ар дайым ачылып турган капкагынын жабылып калганы себепкер болгон. Мындай өзгөрүүнү байкаган кожоюн акырындык менен айланасындагы буюмдарга абай салган. Кимдир бирөөлөр тамак-ашын жеп, конок бөлмөдө жаткандай из калган.

Үйгө чакыруу менен келген полиция гаражда столдун алдында мас болуп уктап калган 26 жаштагы чоочун кишини таап чыккан. Ал мас болгону менен түндө кожоюндун намыянын, ооруну басаңдаткан дарыларын жана башка майда буюмдарын кымырып алганга жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0