Индияда катуу толкундан 86 киши бейдарек жоголуп, 8ге жакын киши каза тапты

© AFP / ARUN SANKARМуссонные дожди в Индии
Муссонные дожди в Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
​Адистер каттуу толкундуу циклонго "Окхи" деген ысым ыйгарган

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Индиянын түштүк штаттарында болгон катуу толкундан 86 киши бейдарек жоголуп, 8ден кем эмес киши каза тапты. Бул туурасында РИА Новости NDTV телеканалына таянып кабарлады.

​Адистер каттуу толкундуу циклонго "Окхи" деген ысым ыйгарган.

Телеканал толкун Керала жана Тамилнад штаттарынан башталганын билдирди. Учурда 845 киши коопсуз жайга көчүрүлгөн. Андан сырткары, деңизге 50 кайык менен чыгып кеткен 86 балыкчыны издөө уланууда.

Скоростной поезд окатил гигантской волной людей на станции в Индии - Sputnik Кыргызстан
Индияда поезд сууга толгон станциядан өтүп, толкун элди каптады. Видео
​Индиянын Метеорология кызматы Тамилнад штатында шамалдын сааты чакырымына 65-75 саатка, ал эми түндүк аймакта саатына 50-60 чакырымга жеткендигин кабарлады. Мындан улам, төрт штаттагы мектептер жабылып, ал эми жашоочуларга зарылдык болбосо үйдөн чыкпай отуруу сунушталды. Бир катар райондор электр кубатысыз калган.

Шамал 500гө чукул даракты тамыры менен омкоруп салган деп билдирген Тамилнад штатынын жаратылыш кырсыктарына каршы күрөшүү агенттиги.

Катуу толкун Индиянын түштүк штаттарында бир нече суткага созулары айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0