Индия: автобуска жыттанган байпак менен түшкөн кишини полиция кармап кетти

© AFP / MONEY SHARMAИндиянын полиция кызматкери. Архив
Индиянын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27 жаштагы Пракаш Кумар аттуу жаран Дели шаарынан Дармсала калаасына автобус менен баратып бутун чечип койгондуктан чыр башталган

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Индияда полиция коомдук тартипти бузган кишини кармады. Ал автобуста жүргүнчүлөрдүн кыжырына тийип жыттанып кеткен байпагын ыргытуудан баш тарткан. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Hundistan Times басылмасына таянуу менен билдирди.

Муссонные дожди в Индии - Sputnik Кыргызстан
Индияда катуу толкундан 86 киши бейдарек жоголуп, 8ге жакын киши каза тапты
Окуя шаршембиге караган түнү болгон. 27 жаштагы Пракаш Кумар Дели шаарынан Дармсала калаасына автобус менен баратып бутун чечип койгон. Башка жүргүнчүлөр "жыпар жыттанган" байпакты баштыкка салуусун же ыргытып жиберүүсүн өтүнгөн. Кумар мындай сунушка көнбөй автобустагылар менен кайым айтыша кеткен.

Жинденген жүргүнчүлөр айдоочуну автоунааны полиция бөлүмүнүн алдына токтотууга мажбурлап, Кумардын үстүнөн укук коргоо органына арыз жазышкан.

Басылманын билдиришинче, Кумар коомдук тартипти бузган деп айыпталып, бошотулган. Бир нече убакыттан кийин Кумар жүргүнчүлөрдүн үстүнөн арыз жазып, анын байпагы жыттанбаганын, автобустагылар аны менен эч себепсиз эле урушканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0