Сирия боюнча Астанадагы жолугушууну Пентагондун башчысы "натыйжасыз" деп атады

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАлеппо шаары. Сирия. Архив
Алеппо шаары. Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын коргоонуу ведомствосунун башчысы жумшалган күчтүн баары текке кеткенин билдирген

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. АКШнын коргонуу министри Жеймс Мэттис Астанада өткөн Сирия боюнча жолугушуулар өтөсүнө чыкпаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөр үзүрлүү болгон жок. Чоң күч жумшалганы менен жыйынтык жакшы болбой калды. Эми жолугушуулар Женевада улантылат", — деди Мэттис.

Ситуация в Ливии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда терроризмдин таасири Казакстанга караганда төмөн. Рейтинг
Сириядагы куралдуу конфликт 2011-жылдын март айынан бери уланып келет. БУУнун маалыматына караганда, бул убакыт аралыгында 220 миң киши каза тапкан. Андагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр Астана менен Женеванын аянтында өтүп келет.

Казакстандын борборунда бул маселе боюнча жети ирет жолугушуу болгон. Анда эң негизги маселе катары Сириянын өкмөтү менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосундагы пикир келишпестикти тынчтык жолу менен чечүү каралган. Жолугушуулардын биринде Сирияда деэскалация зонасын түзүү боюнча Меморандумга кепилдик берген мамлекеттер тарабынан (Россия, Түркия жана Иран) кол коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0