резидент РФ Владимир Путин во время встречи с работниками Горьковского автомобильного завода в Нижнем Новгороде.

Путин президенттик шайлоого катышарын билдирди

282
(жаңыланган 11:43 12.12.2017)
Шайлоо 2018-жылы март айында өтөт

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Владимир Путин 2018-жылы боло турчу президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдады.

"Президенттикке талапкерлгимди коём", — деп Путин ГАЗ заводунун кызматкерлери менен болгон жолугушууда айтты.

Ал өз сөзүндө Россия алдыга гана умтуларын, мындан ары ага эч ким, эч нерсе жолтоо боло албастыгын баса белгиледи.

​Акыркы убактарда Путинден "шайлоого катышасызбы" деп сурагандар көп болгон, бирок ал азырынча андай чечим кабыл ала электигин билдирген.

Владимир Путин биринчи жолу президент болуп 2000-жылы шайланган, 2004-жылы экинчи мөөнөткө калган. 2008-2012-жылдары премьер-министр катары иштеген. 2012-жылы кайтадан Россиянын президенти болуп шайланган.

Кийинки президенттик шайлоо 2018-жылдын март айында өтөт. Азырынча президенттик шайлоого катышуу ниетин ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский, теле алып баруучу Ксения Собчак жана журналист Екатерина Гордон билдирген.

282
Белгилер:
шайлоо, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Россия спортчулары 2018-жылкы Олимпиадада өз желеги менен чыга албай калды
Пикирлер