Палестинские протестующие сжигают американский и израильский флаги в городе Газа. 6 декабря 2017 года

Иерусалим маселесинен улам ХАМАС жаңы индифадага чакырууда

137
(жаңыланган 17:37 07.12.2017)
Хания бул жуманы "каардануунун күнү" деп атап, кыймылды "Иерусалим менен Батыш жээкке эркиндик" деген ураан менен баштоону жар салды

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Палестина кыймылынын — ХАМАСтын лидери Исмаил Хания АКШнын Иерусалим боюнча чечиминен улам, жаңы индифадага чакырды. 

"Иерусалимди иудалаштыруу боюнча америкалык жана сионисттик пландарга каршы палестиналык үчүнчү көтөрүлүүнү баштоо керек", — деген ал.

Хания жуманы "каардануунун күнү" деп атап, "Иерусалим менен Батыш жээкке эркиндик" деген ураан менен баштоону жар салды.

"Бирдиктүү Иерусалим Палестинанын борбору катары кала берет, Палестина жерин басып алууну мыйзамдуу деп тааныбайбыз", — деген Исмаил Хания.

ХАМАС лидери араб өлкөлөрү Вашингтон менен кызматташуусун үзүшү керек деп ойлойт. Анын айтымында, Америка президентинин чечими Палестина элине жасалган агрессия болгондуктан анын ыйыктарынын ыйыктарына согуш жарыялай турганын белгилеген.

"Палестина бороону Дональд Трамп бармагын тиштегенге чейин уланат", — деп күтөбүз деп кошумчалаган Хания.

АКШнын президенти 6-декабрда Иерусалимди Израиль борбору деп таанып, Америка элчилигин Тель-Авивден аталган калаага көчүрүү боюнча документке кол койгон.

Израиль Иерусалимди өзүнүн "бирдиктүү жана эч ким менен бөлүшпөй турган" борбору деп эсептеп келет. Буга шаардын 1967-жылдагы Алты күндүк согушта басып алынган чыгыш райондору менен борбордук бөлүгүн кошуп жүрүшөт.

Дүйнө коомчулугу шаардагы израилдик суверенитетти тааныбайт жана аны жакынкы чыгыштагы чыр-чатактардын негизги көйгөйү деп келет. Муну Иерусалимдин батышы биздики деп эсептеп келген Палестина эли менен чогуу чечилиши керектигин айтышат.

Палестиналыктардын Израиль окуппациясына каршы 1987-1991-жылдарда болгон көтөрүлүшү палестиналык биринчи интифада деген аталышка ээ болгон. Ал 1994-жылы Палестина автономиясын түзүү менен аяктаган. Экинчи интифада Израиль премьери Ариэль Шарон жана анын тарапташтары 2000-жылы Храм тоолоруна барганда болгон. Толкундоо азайып, бирок толугу менен токтоп калбай, азыркыга чейин Палестина-Израиль чатагы тыйылбай келет.

137
Белгилер:
ХАМАС, Дональд Трамп, Палестина, Израиль, Иерусалим
Тема боюнча
АКШ бийлиги дүйнө жүзүндөгү террордук кооптуулуктар боюнча эскертүү кылды
Пикирлер