Дүйнөдөгү эң кымбат ырчылардын аты аталды. Рейтинг

© AP Photo / Chris PizzelloСахнадагы ырчы. Архив
Сахнадагы ырчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингдин лидери узап бараткан жылда 130 миллион доллар тапкан

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Америкалык Forbes журналы 2017-жылдагы дүйнө боюнча эң көп акча тапкан ырчылардын рейтингин түздү.

Таблицанын сап башына P.Diddy деген ат менен таанымал болгон Шон Комбс чыккан. Журналдын адистеринин айтымында, аткаруучу узап бараткан жыл ичинде 130 миллион доллар табууга жетишкен.

Обложка Человек года года журнала Тайм - Sputnik Кыргызстан
Time журналы "Жыл адамын" тандады
Экинчи орунду 105 миллион доллар киреше алган Бейонсе ээледи. Эки жума мурда эле ал музыка индустриясындагы эң бай аткаруучу экени айтылган болчу.

Ал эми үчүнчү орунга канадалык рэпер Дрейк татыды. Ал 94 миллион доллар тапкан.

Төртүнчүдө теги эфиопиялык The Weeknd турса, андан кийинки катарды британиялык Goldplay тобу ээледи (88 миллион доллар).

Алдыңкы ондукка Guns N" Roses (84 миллион), канадалык аткаруучу Жастин Бибер (83,5 миллион), Брюс Спрингстин (75 миллион), Адель (69 миллион) жана Metallica тобу (66,5 миллион доллар) кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0