Кремль АКШнын Иерусалим боюнча оюна комментарий берди

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКремль. Москва. Архив
Кремль. Москва. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва Трамптын Иерусалим боюнча айткан кебине тынчсызданып жатат

БИШКЕК, 7-дек. – Sputnik. Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалим боюнча айткандары жакынкы чыгыштагы кырдаалды жөнгө салууга жардам бере албай турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. 

Песковдун айтымында, кошмо штаттардын башчысынын билдирмеси палестиналыктардын ачуусун келтирип, аймактагы кырдаалды ого бетер курчутуп жиберди. 

Белгилей кетсек, шаршемби күнү Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп таанып, Тель-Авивдеги Американын элчилигин көчүрүү боюнча документке кол койгон. 

“Трамптын билдирмесинен кийин аймакта жаралган курч кырдаал кооптондуруп жатат. Анын мындай кеби жакынкы чыгыштагы кырдаалды жөнгө салууга жардам бербестен, тескерисинче абалды курчутуп жатат”, — деп Песков журналисттер менен болгон маегинде билдирген. 

Анын айтымында, Трамптын билдирмеси палестиналыктар арасында чуу жаратканы, Кремлди тынчсыздандырууда. Ал ошондой эле кырдаалдан чыгуунун дипломатиялык жолдорун издөө керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0