Черчиллдин көз айнеги аукциондо 8 миң долларга сатылды

© AP Photo / Staff/Putnam)Улуу Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилль. 1939
Улуу Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилль. 1939 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз айнек көп дегенде эки миң фунтка сатылат деп божомолдонуп жаткан.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Улуу Британиянын премьер-министри Уинстон Черчиллдин көз айнеги аукциондо алты миң фунтка сатылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Metro басылмасына таянып кабарлады.

Черчиллдин тоголок көз айнеги CW Dixey & Son компаниясы тарабынан жасалган.

Catherine Southon аукцион үйүнүн сайтындагы маалыматка ылайык, премьердин колдонгон буюму көп дегенде эки миң фунтка сатылат деп божомолдонуп жаткан.

"Көз айнек жергиликтүү ишкер тарабынан түшкөн. Ал бул буюмду CW Dixey & Son компаниясынын өзүнөн алган экен. Буга окшош дагы бир түгөйүн Кент графствасынан тапса болот. Үчүнчүсү 2011-жылы аукциондо сатылган", — деп жазылат аталган компаниянын сайтында.

Басылмада Черчилль өзгөчө көз айнектерди жакшы көргөнүн жана анын ар кандай учурда тагынчу үч көз айнеги болгонун кошумчаланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0