16 баланы мертинтип сөөгүн зордуктаган эки индиялыкты сот өлүмгө буюрду

© AFP / DAMIEN MEYERСтатуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции
Статуя богини правосудия Фемиды в здании суда во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой кылмышкерлер балдарга конфет, шоколад берем деп үйүнө алдап алып кирип, өлтүрүп, андан соң алардын сөөгүн зордуктачу.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Индиянын соту Мониндер Сингх Пандхера менен анын жардамчысы Сурендер Колини 2005-2006-жылдар аралыгында 16 адамдын өлүмүнө күнөөлүү деп таап өлүм жазасына тартты. Бул тууралуу РИА Новости Outlook India маалымат порталына таянуу менен билдирди.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өз энесин бычактаган уул, рэкетти кокуйлаткан пенсионер. 90-жылдардагы кылмыштар
2006-жылы декабрь айында өлкө элинин оозун ачырган адам өлтүрүү боюнча кылмыш катталган. Анда Уттар-Прадеш штатына караштуу Ноида шаарынын полициясы суу өткөргөн түтүктөн дайынсыз жоголуп жаткан 16 баланын сөөгүнүн калдыктарын табышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой Коли балдарга конфет, шоколад берем деп үйүнө алдап алып кирип, өлтүрүп, андан соң алардын сөөгүн зордуктачу. Соттун билдирүүсүнө ылайык, ал балдардын этин жеген деген да варианттар бар. Зөөкүрдүн курмандыктарына көбүнчө кичине кыздар айланган.

Маалым болгондой Пандхера жана Коли дагы бир канча кылмыш иштерин жасаган. Мындан улам ушул жылдын июль айында сот аларды күнөөлүү деп таап, зөөкүрлөргө жазанын эң оорун өкүм кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0