Ак үй Трамптын эмне дарт менен ооруй турганын жарыялайт

© REUTERS / Mike SegarКандидат в президенты США от Республиканской партии Дональд Трамп
Кандидат в президенты США от Республиканской партии Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамптын ден соолугу жайында эмес экенин АКШнын бир катар ЖМКлары жазып чыгышкан

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп 2018-жылдын башында медициналык кароодон өтөт. Дарыгерлер анын жыйынтыгын коомчулукка жарыялай турганын Ак үйдүн расмий сайтында айтылды.

Бейшемби күнү Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс президент Трамп Мэриленд штатында жайгашкан Уолтер Рид атындагы улуттук аскер-медициналык борборунан кароодон өтө турганын билдирген.

"Трамп медициналык кароодон өтөрү менен анын жыйынтыгы коомчулукка жарыяланат", — деди ал.

Президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган и президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Трамп Эрдоганга Гүленди берүү маселесин кайра карай турганын убадалады
АКШдагы бир катар ЖМКлар акыркы учурда Трамптын ден соолугу ордунда эмес деп жазып чыга баштады. Сентябрь айында Трамп Ак үйдө сүйлөп жатып, эки жолу сөзүн бөлүп, суудан ууртаган. Ал эми жакында эле эл алдында сүйлөп жатып тили булдуруктап кеткен.

Ак үйдүн өкүлү Сандерс президент Трамптын тамагы гана кургап калгандыктан ушундай болгонун айтып, жумурткадан кыр издебөө керектигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0