Дүйнө боюнча паранын өлчөмү канча экени айтылды

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүДенежные купюры и монеты разных стран
Денежные купюры и монеты разных стран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Transparency International" уюмунун маалыматына таянсак, коррупция индекси боюнча дүйнөдө Россия, Украина жана Казакстан 131-орунду ээлейт

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда дүйнөлүк экономика коррупциядан жылына 2,6 триллион доллар жоготсо, берилген пара бир триллион долларды чапчыйт. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Паранын дүйнө боюнча берилген көлөмүн эсептесек, бир триллион доллар деп бааланууда. Мындан улам пайда болгон коррупциядан дүйнө экономикасы 2,6 триллион долларын жоготуп жатат. БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) маалыматына караганда, жаңыдан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү коррупциянын көлөмү өнүгүү максаттарына берилген расмий каражаттан 10 эсе ашып кетет", — деп айтылат маалыматта.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков принял Генпрокурора Индиру Джолдубаеву - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: укук коргоо, сот жана күч органдарына нааразычылык күч
Transparency International уюмунун маалыматына таянсак, коррупция индекси боюнча дүйнөдө Россия, Украина жана Казакстан 131-орунду ээлейт.

Быйыл БУУнун баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы менен ПРООН коррупциянын билим берүүгө, саламаттыкты сактоого, сотко, демократияга кандай кедергисин тийгизерин түшүндүрө турган кампания иштеп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0