Компьютердин "жанын сууруп" алчу жаңы вирус ойлоп табылды

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүВирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах
Вирус-вымогатель атаковал IT-системы компаний в разных странах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Process Doppelganging деп аталган жаңы ыкма өзүнүн изин калтырбай туруп компьютерди толугу менен талкалап салууга жөндөмдүү

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Black Hat Europe 2017 конференциясында АКШлык enSilo компаниясынын программисттери Windows операциялык системасынын бардык версияларын талкалоого кудурети жеткен жаңы ыкманы көрсөтүштү. Бул тууралуу Bleeping Computer порталына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Социальная сеть Фейсбук - Sputnik Кыргызстан
Facebook тармагындагы жаңы вирустан коргонуу жолдору. Адистен кеңеш
Ошондой эле ал вируска каршы бардык программаларды буйтап өтүүгө жөндөмдүү экени айтылды.

Process Doppelganging деп аталган жаңы ыкманы сыноодон өткөргөн программисттер ал өзүнүн изин калтырбай туруп компьютерди толугу менен талкалап саларын көрүшкөн.

Бирок бул ыкманы каалаган эле адам колдоно албайт. Аны ишке киргизүү үчүн IT технологиялар жаатында терең билим талап кылынат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0