Сауд Аравияда 2018-жылы алгачкы кинотеатрлар ачылат

© AFP / SAUL LOEBЭр-Рияд, шаары. Сауд-Аравиясы. Архив
Эр-Рияд, шаары. Сауд-Аравиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд Аравиясынын 2030-жылга чейинки экономикалык өсүү программасында көңүл ачуу сегментин көтөрүү планы каралган

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Мурда массалык түрдө көңүл ачууга тыюу салынган Сауд Аравиясында 2018-жылдын март айынан баштап кинотеатрлар ачылат. Бул тууралуу өлкөнүн Маданият жана маалымат министрлигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Учурда жаңы ачыла турган кинотеатрларга лицензиялар бериле баштады. Алардын ачылышы экономикалык өсүүгө дагы бир тепкич болуп берет деп ишенебиз", — деп айтышкан министрликтен.

Бул өлкөдө кинотеатрларларга расмий түрдө тыюу 1980-жылдардын башында салынган.

Сауд Аравиясынын 2030-жылга чейинки экономикалык өсүү программасында көңүл ачуу сегментин көтөрүү планы каралган. Бул кадам өлкөнү аял менен эркектердин эки башка эс алуу саясатынан баш тартууга алып келет.

Маалыматка караганда, 2030-жылга чейин падышачылыкта 300дөн ашуун кинотеатр ачуу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0