Тиш доктору. Архивдик сүрөт

Окумуштуулар кийме тиштин зыянын айтып беришти

948
(жаңыланган 10:21 13.12.2017)
Жыйынтыгында, жасалма тиштин ээлеринин 32 пайызында тиешелүү органдардын морт болуп калуу тобокелдиги аныкталган

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Жасалма тиштер адамдын курсагы тоё тамак жебей турган абалга алып келет. Иликтөөнүн мындай жыйынтыгын изилдөө жүргүзгөн Лондондун падышалык колледжинин окумуштуулары Geriatrics & Gerontology International журналына жарыялаган. Маалыматты РИА Новости жазды.

Кийме тиштер тамак-ашты — этти, жаңгакты, жашылча-жемишти толук кандуу чайноого тоскоол болот. Мындай абалга качандыр бир кезде тишин сындырып алып, жасалма тиш менен жүргөндөр да чалдыгат. Окумуштуулар анын кесепети булчуңдардын жана муундардын алсыз болуп, сөөктөрдүн тез-тез сынышына алып келерин айткан.

"Бүгүн сынык жана жаракат алууларга каршы күрөш диета менен туура тамактанууга байланыштуу, ал эми тиштин карылыкка таасири туурасында өтө деле көп айтылган жок", — деген илимий иштердин авторунун бири, доктор Ваэл Саббах.

Иликтөөгө 1800гө чукул адам катышса, алардын орточо курагы 62 жашты түзгөн. Аларды эки топко бөлүп, салмагын эсептеп, тиштеринин, сөөктөрүнөн анализ алышкан.

Жыйынтыгында, жасалма тиштин ээлеринин 32 пайызында тиешелүү органдардын морт болуп калуу тобокелдиги аныкталган.

948
Белгилер:
тиш, иликтөө, Окумуштуулар
Тема боюнча
Мельдонийди ойлоп тапкан окумуштуу аракка каршы дары чыгарды
Окумуштуулар уктаар алдында тамактангандын таасирин аныкташты
Окумуштуулар канткенде киши рактан алыс болорун айтты
Окумуштуулар: чылым чеккен аял шал бала төрөшү мүмкүн