Жатып ичээрлер таймашы. Тайванда эң жалкоо киши аныкталды

© AP Photo / Damian DovarganesАномальная жара в Южной Калифорнии
Аномальная жара в Южной Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңүүчү эч нерсе кылбай отуруу "өтө эле чарчатып жиберчү жумуш" экенин белгилеген

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Тайванда (Кытай) эң жалкоо адамды аныктаган мелдеш өттү. Бул тууралуу South China Morning Post билдирди.

Өзгөчө таймаш Тайбэйдин борбордук паркында болгон. Катышуучулардан бир жарым саат бою эч нерсе кылбай, бир жерде отуруу талап кылынган. Ушул маалда алардын кан тамырынын согушу текшерилип, эч кимдин уктап кетпеши көзөмөлгө алынган.

​Эң жалкоо болуп Чан Кай Хо аттуу студент табылды. Ага дагы бир ушундай акция өтө турган Гонгонг шаарына авиабилет белекке берилди.

Жеңүүчү эч нерсе кылбай отуруу "өтө эле чарчатып жиберчү жумуш" экенин белгилеген.

Белгилей кетсек, мындай "чемпионат" 2014-жылы Түштүк Кореяда өткөн. Анда акциянын катышуучулары шарт боюнча телефон чукулабашы жана соода-сатык кылбашы керек болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0