БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Күрөшүп жаткан эжесине жардам берүү үчүн матка чуркап чыккан бөбөктүн жоругу көпчүлүк интернет колдонуучулардын ууртуна жылмаюу тартуулады.
Окуя АКШда болуп, анын видеосун Тори Прендергаст аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жарыялаган.
Чучу кулактын негизинде кыз өзү курактуу эркек бала менен күрөшкөн. Мелдеш башталганда матка кыздын иниси чуркап чыгып "эжеме тийбе!" деп кыйкырып, атаандашын жыкканга аракет кылган.
Анын бул кадамы мелдешке келгендерге жылуу сезим тартуулады.