Дүйнө жүзү боюнча биринчи жолу Дубайда төөлөрдүн ооруканасы ачылды

© AFP / FAYEZ NURELDINEЕжегодный фестиваль верблюдов короля Абдулацциза в Руме
Ежегодный фестиваль верблюдов короля Абдулацциза в Руме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорукана бир убакта 20 жаныбарды кабыл алат

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча биринчи жолу Дубайда төөлөр үчүн оорукана ачылганын The Daily Mail жазып чыкты.

Оорукана бир убакта 20 жаныбарды кабыл ала алат. Операция баалары 845 евродон башталса, рентген, УЗИлери 92 евродон өйдө турат.

Тоң районунун Боз салкын жайлоосунда Салбурун фестивалы өттү - Sputnik Кыргызстан
Төө минген бийкеч, суктанган Лео Рохас. Салбурундан алынган ирмемдер
Бириккен Араб Эмиратынын тургундары төөлөрдүн жарышын өткөрүп көңүл ачышат. Жакшы тукумдан чыккан төөлөр миллион долларга чейин турат. Оорукана да дал ушул кымбат төөлөрдү медициналык көзөмөлдөн өткөрүү үчүн ачылган.

Dubai Camel Hospital бейтапканасынын курулушуна 40 миллион дирхам башкача айтканда 756 миллион сом сарпталган. Ал жакта өз ишин мыкты билген адис мал доктурлары иштеп, заманбап медициналык жабдыктар коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0