Европанын эң улгайган жашоочусу 116 жаш курагында каза тапты

© AFP / ALAIN JOCARD Французская гражданка Мари-Тереза ​​Бардет
Французская гражданка Мари-Тереза ​​Бардет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ана Веланын кыздарынын улуусу 90го, ал эми небереси 65ке чыккан

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Европанын эң улгайган жашоочусу Ана Вела 116 жаш курагында Барселонадагы карылар үйүндө каза тапты. Бул туурасында РИА Новости Pais басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

“Ал уктап жатып эле кете берди. Кыйналган жок ", — деп билдиришкен аталган үйдө иштегендер.

Бакыт өргөсүнө өзгөчө жуптар — аксакалдар менен байбичелер келишти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бакыт өргөсүнө өзгөчө жуптар — аксакалдар менен байбичелер келишти. Видео
Ана Вела 1901-жыл октябрда туулган. Кесиби тигүүчү болгон. Ал өмүрүндө кайсы бир жери катуу ооруганын айтып, дарыгерге көп деле кайрылбагандыгын айтышты. Акыркы жылдары ал Испанияда узак жашоонун символуна айланган. Анын кыздарынын улуусу 90го, ал эми небереси 65ке чыккан. 

Планетанын эң улгайган жашоочусу деген наам ага Италиялык 117 жаштагы Эмма Морано каза болгондон соң берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0