Окумуштуулар ашыкча салмактан арылуунун жолун сунушташты

CC BY 2.0 / Daniel Oines / WelterweightНашелся способ худеть, ничего не делая, заявили ученые
Нашелся способ худеть, ничего не делая, заявили ученые - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашыкча салмак кошуу балдар арасында акыркы жылдары кескин көбөйүп кеткен

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. АКШнын Жон Хопкинс атындагы университетинин изилдөөчүлөрү газдалган жана курамында шекер бар суусундуктар ашыкча салмак кошууга себепчи экенин эскертип жазуу керектигин сунушташууда. Кишилер ошондо гана психологиялык таасир алып, аны аз сатып алат деген үмүт бар. Бул тууралуу РИА Новости Medical Xpress маалымат булагына таянуу менен билдирди.

Гемодиализ аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарындын ооруканасында гемодиализ бөлүмү ишке кирет
Окумуштуулар дал ушул ширин суусундуктар ашыкча салмак кошуу эпидемиясынын себепкери экенин белгилешет.

Ашыкча салмак кошуу акыркы жылдары балдар арасында кескин көбөйүп кеткен. Мындай тамактар ашыкча калорияны өзүнө камтыйт жана анда ден соолук үчүн бир дагы пайдалуу зат жок.

АКШнын ден соолук жаатындагы Улуттук статистика борборунун маалыматына ылайык, 1988-жылдан 1994-жылга чейин жана 1999-2004-жылдар аралыгында балдар газдалган ширин сууларды 20 пайызга көп ичип баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0