Бразилиядагы фестиваль учурундагы катуу шамал диджейдин өлүмүнө себеп болду

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСахнадагы дидей. Архив
Сахнадагы дидей. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катуу шамалдан улам сахна урап түшкөн. Аны көрүүчүлөр видеого тартып алган

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Бразилиядагы Atmosphere фестивалы өтүп жатканда катуу шамал болду. Анын кесепетинен сахна кулап диджей каза болду. Ошондой эле бир нече адам түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Global News басылмасына таянып билдирди.

Маалыматта диджей башынан оор жаракат алып ооруканага жеткирилгенден кийин үзүлгөнү айтылат.

Андан сырткары, үч киши жаракат алган. Диджей Трино Twitter баракчасына сахна кулап жаткан учур тартылган видеону жарыялап, диджей Калеб (DJ Kaleb) каза болгонун жазган.

Atmosphere фестивалынын уюштуруучулары Facebook баракчасына каргашалуу окуядан диджей каза болгонун тастыктап, маалымат тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0