Окумуштуулар жемиш ширеси балдарга эмнеси менен зыяндуу экенин аныкташты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСок ичип жаткан өспүрүм кыз. Архив
Сок ичип жаткан өспүрүм кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөчүлөр 1068 эненин жана алардын балдарынын рационун иликтеп көрүшкөн

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. АКШнын Гарвард университетинин медиктери жер-жемиштин шекер аралаштырылган ширесин көп ичкен балдар көбүнесе астма илдетине кабыларын айтышты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.

Проблема лишнего веса в Китае - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар чөнтөк телефондун жанында уктоонун зыяндарын айтып беришти
Изилдөөчүлөр 1068 эненин жана алардын балдарынын рационун иликтеп көрүшкөн. Ошондой эле алар балдардын ден соолугу тууралуу толук маалымат алып курамына шекер, фруктоза кошулган азыктардын астма илдетине кандай тиешеси бар экенин текшерип көрүшкөн.

Жыйынтыгында аталган азыктарды көбүрөөк ичип-жеген балдар астма илдетине 77 пайызга көбүрөөк кабылаары аныкталган.

Мындан тышкары, кошбойлуу кезде таттуу ширелерди көп ичкен аялдардын балдары дагы дем алуу жагынан көйгөйлөр менен төрөлөөрү айтылды.

"Кант менен фруктоза кандай жол менен астмага алып келерин азырынча так билбейбиз. Бирок бул нерселер дем алуу органдарын сезгендириши мүмкүн деген божомолдор бар", — деди изилдөөчүлөрдүн бири Шерил Рифас-Шиман.

Бир аз мурда окумуштуулар астма илдетине ашыкча салмагы бар адамдар жана аялдар көбүрөөк кабыларын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0